Баланы кимдер сүйбөгөн,
Бапестеп багып күйбөгөн.
Баласы үчүн жок чыгар,
Башына азап үйбөгөн.
Тумоолоп калса баласы,
Түгөнөт экен аргасы.
Берүүгө даяр жанын да,
Болсо эгер анын айласы.
Кызыгы болбос дүйнөнүн,
Кыйналып бала бакпаса.
Унутат кыйын күндөрүн,
Эмгегин уулу актаса.
Элжиреп ойлоп күнү-түн,
Эртеңден үзбөй үмүтүн.
Ээси болуп жашоонун,
Эне-ата жашайт бала үчүн.
Балдарым — менин кымбатым,
Балдарым — менин сырдашым.
Жаралбай калганда алар,
Жашамак беле кур башым?
Бала деп согот жүрөгүм,
Бала үчүн жашап жүрөмүн.
Бел байлап мындан ары да,
Бала үчүн өмүр сүрөмүн.
Бассам да, турсам тилегим,
Балдарга өмүр тилеймин.
Баарынан күчтүү сезим бул,
Бала сүйүү деп билемин.
Гулнара Кахарова Балама тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 75395
Эн сонун
Жакты
Эч кандай ката жок сонун
Соонун ыр мазмуну аябай жагат.мен звонокко койуп алгам.
Соонун
Каржан текс
Сонун.
Ушул ырдын оригинал минусун жазып бергилечи сураныч
Гулнар эже абдан мыкты аткарган да
Соонун
Сонун
Эң мыкты соонун
Сонун ыр,уккан сайын уккун келет.
Гулнара эженин ырдаганы аябай жагат.
Бул ырды сиз жазган эмессизда
Бул ырды сиз жазган эмессизда
Соонун мага жакты