Баланы кимдер сүйбөгөн,
Бапестеп багып күйбөгөн.
Баласы үчүн жок чыгар,
Башына азап үйбөгөн.
Тумоолоп калса баласы,
Түгөнөт экен аргасы.
Берүүгө даяр жанын да,
Болсо эгер анын айласы.
Кызыгы болбос дүйнөнүн,
Кыйналып бала бакпаса.
Унутат кыйын күндөрүн,
Эмгегин уулу актаса.
Элжиреп ойлоп күнү-түн,
Эртеңден үзбөй үмүтүн.
Ээси болуп жашоонун,
Эне-ата жашайт бала үчүн.
Балдарым — менин кымбатым,
Балдарым — менин сырдашым.
Жаралбай калганда алар,
Жашамак беле кур башым?
Бала деп согот жүрөгүм,
Бала үчүн жашап жүрөмүн.
Бел байлап мындан ары да,
Бала үчүн өмүр сүрөмүн.
Бассам да, турсам тилегим,
Балдарга өмүр тилеймин.
Баарынан күчтүү сезим бул,
Бала сүйүү деп билемин.
Гулнара Кахарова Балама тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 75394
эн соонун ыр сүйүп угам
Соонун
Уй
Бала менен эжеке жонундо ыр
Сонун
Жакты соонун ыр экен
ЫРДЫН СОЗУНУН, МУЗЫКАСЫНЫН АВТОРЛОРУ КИМ,МУМКУН БОЛСО ЖАЗЫП КОЮНУЗДАР
Апам ырдап берет бизге соонун ыр
Бала менен мугалим ыр
Мугалим эдей
Мага аябай жагат,издеп кирдим эле ырды.Гүлнара Кахарованын өзүн да аябай баалайм, мээримдүү эне,бар болуңуз
Саламатсызбы,бул ырдын автору мен.Сиз бул ырды кайдан алдыныз?Келе жаткан жаны жылыныз менен! Сизди урматтоо менен Мөн Мукамбетова Анарат:0709597352