Бак ичинде гүлдөп өсөт розалар,
Күн нуруна жыты буркурап.
Тентек желге жалбырагы дирилдеп,
Көңүл черин жазып кулпурат.
Кайырма:
Ах, розалар,
Ах, роза, роза, розалар,
Наздыгыңда сенин сүйүү бар.
Ах, розалар,
Ах, роза, роза, розалар,
Кызыл, агыш түстүү розалар.
Ах, розалар…
Жан дүйнөмдү кытыгылап розалар,
Сымбатына сырын жашырат.
Назик жүзү шүүдүрүмгө мөлтүрөп,
Сулуулугу кумар кандырат.
Кайырма:
Тартууланат сулууларга розалар,
Жазда дайым күлдөп ачылат.
Табигаттын назик жыпар жыттуусу,
Көздөрүңдүн жоосун алышат.
Кайырма:
Гүлнара Калдарова — Розалар тексти
Датасы: 28.10.2020 Көрүүлөр: 1115