Адырга чыккан жекенби,
Ал жекен тубу бекенби?
Азапты тартып кайгырып,
0, Зыйнат армандуу болуп өтөмбү.
Күнгөйгө чыккан жекенби,
Күлүк ат минсем жетемби?
Күйүтүң тартып кайгырып,
О, Зыйнат күйүккөн бойдон кетемби?
Көчкөндө кула атты,
Асемдин көркөмү мени кууратты,
Көрсөтөр бекен көзүңдү
Көбүнчө, сулуу Зыйнатты.
Асемдеп миндиң, кула атты,
Асемдин ардагы мени кууратты,
Алдырар бекен көңүлгө,
Айтылуу сулуу Зыйнатты.
Ошондо кең Каракол, Четинди,
Чотумдун мизи кетилди,
Керилип барып бир сүйсөм
О, Зыйнат кебезден аппак бетиңди
Ошондо Чоң Каракол, Четинди,
Чоктон бир кызыл бетиңди,
Азаптуу болбой ал жерде,
Алдында гана жаным жетилди.