Окшойсуң гүлдүн буркурап ачканына
Окшойсуң күндүн нурларын чачканына
Жүрөгүм сенде жүрө турса болобу
Жылынып сенин сүйүүңдүн аптабына
Кайырма:
Капкара көзүң карагатым
Жүрөгүм менин жараладың
Күттүрүп кайда жүрдүң эле
Эңсеген махабатым
Жүрөккө тийди ок сымал көз карашың
Сезимди өрттөп сүйүүмө чок саласың
Жүрөгүм сенде деп жүрү турса болобу
Жалгызым менин оюмда сен ганасың