Тумчугамын, түбү жок санааларга батамын,
Бийиктерге жетелейт ак батасы атамдын,
Издеп жүргөн бейишим таманында апанын.
Азаматты эр кылган бата болот турбайбы,
Жашоодогу дөөлөтүң ата болот турбайбы,
Жаман жүрсөң ичинен капа болот турбайбы.
Түгөнбөгөн берекең апа болот турбайбы,
Үйүңдөгү базарың бала болот турбайбы.
Көзүңдү ачып-жумганча кеч кирет да, таң атат,
Сыйлашалы кел, досум, өмүр өтүп баратат,
Тирүүлүктө адамдар бири-бирине аманат.
Бешик көркү бөлөнгөн бөбөк болот турбайбы,
Агасына иниси жөлөк болот турбайбы.
Бир туугандар бир үйдө өзөк болот турбайбы,
Бой жеткенде үй-жайың бөлөк болот турбайбы,
Карыганда неберең эрмек болот турбайбы.
Ташы менен урганды, ашың менен тосуп ал,
Турмуш деген татаал жол, жакшы чөйрө күтүп ал.
Түбөлүктүү жарыңды алып качпай, сүйүп ал.
Жалынсаң да токтобос өмүр болот турбайбы,
Назиктердин назиги көңүл болот турбайбы.
Тууганыңдан жакыны коңшу болот турбайбы,
Акыретте жаныңда досуң болот турбайбы.
Балалыгың жомоктой эсте калат турбайбы,
Өмүр өтсө бул денең жерде калат турбайбы.
Өмүр өтсө бул денең жерде калат турбайбы,
Бектер кетип, кайра эле элдер калат турбайбы
Ото сонун ыр екен абдан соонун ырдаптыр
Эң бир туура ырдаптыр жакшы ырдайт бул ырчы негизи эгер туура болсо лайк баскыла
Туура жүроктү эздиго
Ооба
Эңсеп жүргөн ыр сөз жок Гүлжигит өтө сонун ырдайт
Туура өтө сонун жана мазмундуу ырдайт
Жакшы. Гулжигит Сатыбековдун уну жакшы
беш упай !!!
Рахмат
Ушул ырды Нурила деген кыздын ырдаганнын корсотпой
Туболуктуу жарынды ала качпай, суйуп ал
Аябай сонун ыр мага жакты
Катасы жок өтө соонун ырдаган, молодессин досум.
Катасы жок өтө соонун ырдаган, молодессин досум.Абдан мазмундуу.