Ээрчитип колдон жетелеп,
Ойносоң гүл бакчада.
Татынакайсың, эселек,
Сезимдериң таптаза.
Уялыңкы эркелеп,
Талпынганың башкача.
Кайырма:
Менин карындашым,
Сүйкүм ирмейт кашын.
Дайым эркелетип,
Сылап коём чачын анын.
Үмүт чоң келечегиңден,
Чоңоюп, бойго жетсең.
Тилегиң берсин Кудайым,
Керегисиң кыргыздын.
Ата-энең көрсүн убайың,
Жерде жанган жылдызым.
Кайырма:
Ильяз Абдыразаков — Карындашым тексти
Датасы: 26.10.2020 Көрүүлөр: 1274