Кубулуп, нурга бөлөнүп,
Кулпуруп Соң-Көл, көгөрүп.
Түгөнбөс сүйүү кайгысын,
Түбүнө алган чөгөрүп.
Көл үстү муңдуу шыбырап,
Айткандай сырды туюлат.
Арманда ыйлап бараткан,
Ак Мөөрдүн үнү угулат.
Канаты кандан кайрылган,
Кан кусуп, катуу кайгырган…
Элеси келет Болоттун,
Ак Мөөрдөн анда айрылган.
Өксүгөн өмүр кез келип,
Өткөндү бүгүн эскерип.
Сүрөтүн сактап сулуунун,
Сүйүүгө Соң-Көл эстелик.
Ильяз Абдыразаков — Соң-Көл тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 1504