Өзүмчө күтөмүн күн санап,
Башкага жар болом десең да.
Бактылуу бологой, адашпа,
Сендейди барктай алса…
Кайырма:
Жарыктык көрүнбөй көзүмө,
Суранам үмүтүмдү үзбө
Өчүрбө, жалынды өчүрбө
Сүйүүмдө эмне күнөө?
Эсимде, ээрчигем артыңдан,
Жүзүңдү көрөм деп жылмайган.
Тиктешсе башкалар суктанып,
Ал көздөрдөн кызгангам.
Кайырма:
Жарыктык көрүнбөй көзүмө,
Суранам үмүтүмдү үзбө
Өчүрбө, жалынды өчүрбө
Сүйүүмдө эмне күнөө?
Сыртыңдан сүйдүм мен канча жыл,
Айтуудан коркконмун катып сыр
Билгенмин башкага кетериң,
Катылган арзуум менин.
Ильяз Абдыразаков — Сүйүүмдө эмне күнөө? тексти
Датасы: 23.09.2020 Көрүүлөр: 667