ЫРЫСТУУ

Алыс-алыс жакта, асман менен жер ашташкан аймакта, көгүлтүр тоолордун этегинде, кереметтүү сүт көл жээгинде бир бала жашаптыр. Ал баланын бою улактыкындай эле экен. Эки тыйын чычкандын терисинен тумак тигип, эчки терисинен жумшак өтүк ултарган ошол баланын эки бети толгон айдай тоголок. Анан дагы бул бала өмүрү ыйлап көрбөгөн, балким кантип ыйлашты да билбесе керек.

Читать далее ЫРЫСТУУ

ЫР КАНТИП ЖАРАЛДЫ?

Ал убакта корей жерине кытайлар кургак жер аркылуу да, деңиз аркылуу да байма-бай каттап, соода кылышчу экен. Ал эми кайсы жерде ач көз соодагерлер болсо ошол жерде алдамчылык болбой коймокпу.

Ушундай соодагерлердин бири бир жолу парустуу кайык менен сүзүп отуруп Ресенган дарыясына чейин жетип, деңиз жээгиндеги бир айылга токтоптур. Бул жерден ал болбогон товарларын айга, күнгө теңеп, эпчилдик менен  саткандыктан соодасы жакшы жүрдү.

Бир жолу анын дүкөнүнө ушул жерлик бир сулуу аял кирип соода кылганда ал соодагерге абдан жагып калып, товарларын ага арзан сатып, жагынганга аракет кылып, ал арада таанышканга да үлгүрүп, кийинкиде дагы келүүсүн суранат.

Читать далее ЫР КАНТИП ЖАРАЛДЫ?

ЫСЫМЫ ЖОК КИРПИ ЖӨНҮНДӨ

Жумшак жана ыңгайлуу ийининде сайгылак да, жагымсыз да кебетелүү бир кирпи жашаптыр. Ал андай болгону менен шайыр жана ак көңүл жан экен. Анын жакшы көргөн адаты  — токой боюнча сейилдеп, баардык жаныбарлар менен көңүлдүү түрдө учурашуу болчу.

– Кандайсың барпаң куйрук!- деп ал тыйын чычкан менен жайдары учурашып, өзүнүн досу коёнго:

Читать далее ЫСЫМЫ ЖОК КИРПИ ЖӨНҮНДӨ

ЫРАКАТ ИЗДӨӨ

Өтө жалкоо улан жашаптыр. Болгон кыймылы: эртеден кечке тиягына ооп, биягына ооп гана жамбаштап жатмай. Ага эчтеңке жакпай, жашоо ыракатын таппай, бушайман.

“Жашоо ыракаты эмнеде?” – өзүнө бир күнү суроо коёт да, издеп жөнөйт аны.

Үйүнөн чыгат. Бир далай баргандан кийин жолун тороп калдайган тоо турат алдында. Аша алаар эмес аны. Тоо этегинде жер чукуган кары дыйкан көрүнөт.

Читать далее ЫРАКАТ ИЗДӨӨ

ЫНТЫМАКСЫЗ ЫРЫСКЫ БОЛБОЙТ

Калың токойдун четинде бир короо уй жайылып жүрчү. Алар дайыма бирге, биринен бири алыс ажырабай чогуу жүрүшчү дейт. Ошол эле токойдо арамза жолборс жашаган, анын эсинен кетпей, эптеп уйдун этине тойсом деген ою орундалбай келди.

Уйлар бирге таш дубалдай бекем, эч кандай жырткыч жакын жолой албайт. Жолборс көпкө ойлонуп бир амал тапты, уйлардын ынтымагын ыдыратмак болду. Ошентип бир күнү бир уйга жакын келип шыбырай баштады: Мени уксаң, ийри мүйүз! Тетиги капталы карала, кыска мүйүз сени жөн эле сүзүп салам дейт ко?   Анан башка бир уйга барып ага да күбүр-шыбырын баштады:

Читать далее ЫНТЫМАКСЫЗ ЫРЫСКЫ БОЛБОЙТ

ЫРЫСЫ ЖОК ЫРЫСТУУ БОЛДУ

Мурунку өткөн заманда ата-энесинен эрте айрылган тоголок жетим бала болгон экен. Энесинин кийинки күйөөсү бир жылдай бирге жашаса да, балага ырайым кылбай коюптур.

Бала жетимчиликтен желкеси күйүп, карыпчылыктан карды тойбой, турмуштун кыйынчылык каарын тартат. Канчалык кыйналса дагы, келечектен үмүт үзбөй, жамандык жолго барбай, арамдыктан алыс болот. Антип-минтип турмуш алынын бардыгынча жанчып, тоголок жетим боорун жерден алат.

Көбүнчө ал тоо-ташты мекендеп, согон, ышкын, жөргөмүш, козу кулак, пияз, четиндин ашын терип жеп, эч нерседен коркпой жашай берет. Кез-кезинде ата-энесинин көрүстөнүнө барып таазим кылат. Колунда жаасы болгон менен, бир дагы канаттууну атпайт. Алардын басып жаткан жумурткасына тийбейт, балапандарын көрсө шилекей алышып дос болот.

Читать далее ЫРЫСЫ ЖОК ЫРЫСТУУ БОЛДУ

Ырыс алды — ынтымак

Качандыр акылман карыя болуп, анын тогуз уулу бар экен. Бирок балдары атасы айткан акылды укпайт, ар кимиси өз бетинче жүрөт, ага сырт кишилердин баары күлөт. Чоңу кичинесин сабайт, киченеси чоңуна акырая карайт. Бирдиги жок тогуз баланы бөлөк кишилер уруп кетет, атасы балдарынын кылыгы жөнүндө терең ойго түшөт. Эч айла болбогон соң, чал өзү тоого барды да, үйүнө чоң тутам табылганы көтөрүп келип, балдарын чогултуп алды:
Читать далее Ырыс алды — ынтымак