«Чыныгы достон жардамыңды аяба»

Илгери жаныбарлардын баары бактылуу жашаган бир жер бар экен. Ал жерде жашаган ташбака, чаарчык, карга жана чычкан бири-бири менен дос болушуптур. Терт дос дайыма бирге ойноп, дайыма чогуу жүрүшүп, тапкан нерселерин бөлүшүшчү экен.

Бир күнү чаарчык тескейде шапар тээп ойноп жүргөн эле. Кокусунан эле кайдан-жайдан келгени белгисиз анын жанына бир анчы пайда боло калат. Анчыны көргөн чаарчык коркуп кетип качып жөнөйт. Бул учурда баардык жаныбарлар тамакка отурган болчу. Чаарчыктын достору дагы тамакка жаңы эле отурушкан эле. Анан чычкан досторун карап, алардын бирөөсү жок экенин байкайт. Ким экендигин байкап караса, чаарчык араларында жок болуп чыгат. Чычкан досторун карап:

— Аай кокуй, чаарчык досубуз бизди унутуп калдыбы? Эмнеге ал арабызда жок?- дейт.

Анда ташбака:

— Жок, ал бизди унутушу мумкун эмес. А балким ага бир нерсе болгондур. Аны биз дароо табышыбыз керек,- дейт.

Карга да ташбаканын оюна кошулуп, макул болот.

Ушинтип үчөө чаарчыкты издеп жөнөшөт.Чычкан менен ташбака каргага карашып:

— Карга дос. Сен бийик учасың. Ошондуктан сен асманга чыгып карап досубузду издеп көрчү, — дешет.

Досторунун айткандарын уккан карга асманга учуп чыгып, жерди карап, чаарчыкты издеп чытырман токойго чейин кирип кетет. Анан ал токойдун бир жеринде жаткан чаарчыкты дароо байкап калат. Чаарчык байкуш анчынын торуна түшүп калган экен. Андан чыга албай жан талашып, тыбырчылап жатыптыр.

Карга бул жөнүндө дароо артында келе жаткан досторуна кабарлайт. Үчөө кеңешип, бири үйдү кайтарганга, экөө чаарчыкты куткарууга бараарын чечишет.

Ошентип ташбака үйдө калат. Чычкан менен карга жолго чыгышат. Бирок, ташбака калып калганы менен оюнун баары эле чаарчыкта боло берет. Акыры чыдай албай ал да жолго түшөт.

Алар бир топ жол баскан соң, чаарчыкты табышат. Карга көктөн айланага көз салып турганда чычкан анчынын чаарчыкты кармаган торун курч тиштери менен кырка баштайт. Чычкан жан талашып чаарчык чыккыдай чоңдукта торду кыркып салат. Чаарчык тордон кутулуп чыгат да, үчөө үйдү көздөй жөнөшөт.

Бир маалда анчы келип караса, торунун баары кыркылган, кармаган олжосу да жок. Ал аябай жинденип, аркы-бекри жакты карап, жерде бара жаткан ташбакага көзү түшөт. Өзү келген олжого сүйүнүп кетет да, ташбаканы кол баштыгына салып алат. Анан анчы: Мейли, бүгүнкү олжо ташбака боло турсун, чаарчык болсо дагы бир күнү колго түшөөр» деп ойлонот.

Ошол учурда учуп бараткан карга баарын жогорудан көрүп калат. Ал ошол замат барып ташбака жөнүндө чаарчык менен чычканга айтат. Үч дос эми ташбаканы куткаруунун айласын издей башташат. Акыры куткаруунун жолун да табышат.

Бир маалда жай басып бара жаткан анчынын астынан чаарчык секирип чыга калат. Анчы чаарчыкты кармоо үчүн ага карай чуркайт. Чаарчык болсо болгон күчүн колдонуп, арышын кең таштап качып жөнөйт. Ага жетүүгө аракет кылган анчы чаарчыктын артынан кубалап аябай катуу чуркайт. Акыры чыдабай кеткен анчы кол баштыгын, үстүндө кийген кийимдерин чечип салып чуркаганга аргасыз болот. Муну күтүп турган чычкан дароо жетип барып, ташбака баткыдай кылып анчынын кол баштыгын кемирип салат. Ташбака кол баштыктан кутулуп чыгат.

Ал эми бул учурда анчы чаарчыкка жетпей, аябай чарчап дарактын түбүнө отура калат. Ошондо чаарчык токойдогу башка жол менен чычкан менен ташбакага келет.

Мына ушинтип ынтымактуу төрт дос бири-бирин куткарышат.

Ошентип баары бирге кайрадан бактылуу, кайгылары жок жашап калышат. Анчы болсо олжосунан айрылып, аябай чарчап, колунда эч нерсеси жок үйүнө чарчап кайтып келет.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)52
Алия менен жылкы42
Карышкыр менен эчки42
Кыска жана күлкүлүү жомоктор35
Акылдуу кыз жомок34
Акылдуу балдар24
Карышкыр жана жети улак23
Көмөч нан (колобок) жомок22
Нооруз жөнүндө жомок22
Кырк калп жомок21

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *