Бозоргон тоонун этеги,
Бозоруп туман кетеби?
Бото көз анда, мен мында, ээ-эй,
Боздосом үнүм,
Зарласам үнүм,
Муңкансам үнүм жетеби?
Карарган тоонун этеги,
Карарып туман кетеби?
Кара көз анда, мен мында, ээ-эй,
Какшасам үнүм,
Кайгырсам үнүм,
Кыйкырсам үнүм жетеби?
Көл боюнда четинсиң,
Көркөмдүү жигит экенсиң.
Көркөмдүү бойдон жүрө бер, ээ-эй,
Көз кызсам келбейт,
Ымдасам келбейт,
Ырдасам келбейт экенсиң.
Суктансам келбейт,
Сурансам келбейт,
Сыздасам сезбейт экенсиң.
Канымжан Жаманбаева — Бозой ыры тексти
Датасы: 12.10.2020 Көрүүлөр: 1839