Бир поп кол алдындагы кызматчысы кайыр садаганын акчасынан уурдап жүргөнүн билип калып суракка ала баштайт.
— Ыйык идишке эмне үчүн кол салып, күнөөгө батып жүрөсүң, көр пенде?
Поп чокунуу залынын аркы башында турган, андыктан аралык алыс болчу. Кыйын абалга кабылганын билген кызматчы укпамыш болуп арамзаланат:
— Ыя, эмне дейсиз? Бул жерден угулбай жатат.
— Кулагыңа кебез тыгып алдың беле, көр пенде! Эмне үчүн ыйык идишке кол саласың?
— Ыя, эмне дейсиз? Угулбай атат!
— Сеники жакшы эле угулуп атпайбы! Эмне арамзааланасың?
— Ыя?
Жини келген поп кызматчынын жанына жетип барып демитет:
— Эй укпамыш болуп, эмне арамзааланасың дейм!
— Чын эле уккан жокмун. Бул жерден угулбайт окшойт. Ишенбесеңиз сиздин ордуңузга барып кыйкырып көрөйүн, баары бир укпайсыз.
— Угам эле, барып кыйкырмактан акырын шыбырасаң да угам,- дейт поп.
— Укпайсыз, — деп ишенимдүү айткан кызматчы поптун ордуна барып сүйлөйт: — Эй көр пендем, биздин Сатурниндин аялына эмне үчүн барып жүрөсүң?
— Чын эле бул жерден эч нерсе угулбайт экен, — деп муну укканда чочуп кеткен поп кызматчынын оозун басканы жүгүргөн экен.