Кабагыңды гүлгө теңейм жаздагы,
Каалабадым сенден бөлөк, башканы.
Өчпөй турган түбөлүккө мен үчүн,
Өмүрүмдүн сен экенсиң ак таңы.
Кайырма:
Баягыңдай күлчү кайра,
Бажырайып жүрчү кайра.
Баягыңдай эч кайгырбай,
Баягыңдай сүйчү кайра.
Көп сулуулар көрүнсө да көзүмө,
Көңүл толуп тең келбеди өзүңө.
Таттуу болуп дайым бирге жүрсүн деп,
Тагдыр сени энчилептир өзүмө.
Кайырма:
Кабыл албай кээде айткан сөзүңдү,
Канча жолу капа кылдым өзүңдү.
Кечир, жаным, суранарым, кечирсең,
Эгер чындап сүйөр болсоң өзүмдү.
Кайырма:
Кенже Көбөкова — Кечирип кой тексти
Датасы: 30.09.2020 Көрүүлөр: 164040
Молодец жакшы музыка
Эн соонун ыр,обону,ырчы Кыз,бардыгы топ келишкен
Оба албетте жакты да кайра кайра уга турган ыр экен да
Соз жок эжеке сизден ката таба албайбызго эн сонун болуптур сиздин ырларынызды калдырбай угам анча мынча кечелерде ырдап да койом ишинизге ийгилик
Мен озум жетимишке чыктым анан тойго эмне ырдайм деп ушул ыр жакшы деп жаттадым Байзак менен Кенженин ундору окшош экен
Мага да жакеты струн ыр экон
Жакты сонун чыккон ушул ырдын нотасы барбы
Мен бул ырды жыл мугалимине катышып жатам, ошондо ырдайм
Нотасын жазып койгулачы сураныыыыыч
Нотасын жазып койгулачы сураныыыыыч
Бул ыр кайсыл жылы чыккан толук маалымат берип коюнузчу сураныч Кенже ырдаган Баягыдай суйчу кайра деген ыры