Карегиңди шат кыларым
Каарааныңды жактырам, ай
Көп ичинен издеп жүрүп,
Көздөрүңдү тапты жаным.
Күнү-түнү ойлонорум
Күдөр үзбөй толгонорум
Көп күттүргөн бакытым деп,
Көңүлүмдө болжогонум.
Тагдырыма табылганым,
Таалайыма жазылганың, ай
Узап кеткен сапарымдай
Учу бүтпөс кол кармадым
Жүрөгүмө тандаганым,
Жүгөнү жок кармаганым
Бир бүтүнгө айланалы
Бир өмүрдү арна жаным.
Кенже Көбөкова — Көздөрүң тексти
Датасы: 03.10.2020 Көрүүлөр: 2267