Кылымдардан кылым карытып,
Кызыл-Суунун суусу агылып.
Бал жыттанган таттуу кымыздай,
Туулган жердин суусун сагындым.
Жүрсөм дагы алыс араңдан,
Ата Журтум кетпейт санаамдан.
Акыл айтып, асыл кеп айткан,
Аталардын кебин сагынам.
Сары-Ой менен Көк-Ой тоосунан,
Бүркүт шаңшып, күкүк сайраган.
Ышкын терип аска-зоосунан,
Жүргөн күнүм эстеп сагынам.
Жылаңайлак, чырпык ат минип,
Жылгалардан тунук суу кечип.
Балтырымды тилип караган,
Балалыгым эстеп сагынам.
Коңур-Дөбө — жайлоо, жашыл төр,
Коңур желдүү, салкын, асыл жер.
Кокту, белес, күнгөй-тескейден,
Кой кайтарган күнүм сагынам.
Түндүгүнөн түтүн булатып,
Апам жапкан нанды сагынам.
Үйүр-үйүр жылкы айдаган,
Атам жүргөн жерди сагынам.
Үйүр-үйүр жылкы айдаган,
Атам конгон журтту сагынам.
Керим Турапов — Туулган жер тексти
Датасы: 24.10.2020 Көрүүлөр: 37970
Эмнеге тексти башкача жазылган бирок, ырда башкача айтылып жатат
Бул жерде толук жазылган эмес жана бир эле ката бар
Арсен
Эмнеге тексти башкача жазылган,бирок ырда башкача айтылып жатат
Ошондой экенго ээ
Китепте башка текстте башка экен
Билбейм менин ойум сиздер комментарии коп болсун деген
Туура
Жок
Мага бул ыр аябай жакты
бул жерде ката жок
Менин китебимде ошондой эле жазылып турат
Мен 6 классмын мага билимбей калышы мумкүн.
Турапов Керим Ырысалиевич, Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Суу айылынан болот. Негизи бул ыр, «Туулган жерди сагынуу»-деп аталат, бирок ырдын текстинде «Апам жапкан нанды сагынам»-деген цитатаны колдонуп, көпчүлүгү «Апам жапкан нанды сагынам»-деп атап алышкан. Ал эми ырдын өзгөрүлүп ырдалуусу, тестинде башкачараак. Ырга ык келтирүү үчүн өзгөртүлгөн. Бул бардык эле ырларда болот. Ырдын маңызы, өзүнүн жашап өткөн балачагы, анданы тоолу айылдын сүрөттөлүүсү чагылдырылат. Бул биздин айыл үчүн гимн эле.
Парпиев Марс
ьЗмЛ
Туура эле тексти ,так балалыкты эстетет,ыйлатат кишини,созу обону укмуш жазылган,,,,сагынып ыйлап жатып каласын го чиркин!!!!? Со з жок ,Керим байкеге…талантка таазим…