А, балким болуп жүрбө мен издеген,
Түбөлүк кайталангыс сулуу обон.
А, балким болуп жүрбө мен күтпөгөн,
Тагдырымды жаралаган бүтпөс арман.
Кайырма:
Оо, менин биринчи сүйүүм,
Оо, менин биринчи махабатым
Тоолордун мөлтүр, тунук булагындай,
Неге мынча тазасың, сүйкүмдүүсүң.
Багындырып бүт дүйнөмдү ээлеп алып,
Таап алдың ачкычын жүрөгүмдүн.
Кайырма:
Көргөн күндөн түйшүк салып дүйнөмө,
Күндө бир маал сен киресиң түшүмө.
Күчүмө теңдеш келээр күчтү таппай,
Баш ийдим бир өмүрдүн өкүмүнө.
Кайырма:
Клара Алибекова — Биринчи сүйүүм тексти
Датасы: 10.10.2020 Көрүүлөр: 4894
❤️❤️❤️❤️