Жүрөктүн издеп дабасын
Табалбай турам айласын .
Билдирсем эгер өзүңө
Жообу жок болуп калбасын.
Саанага салба көлдүк кыз
Жашоомду кылба үмүтсүз.
Өзөктөш өмүр сүрүшкөн
Үйлөнсөк кантет ушул күз.
Кайырма:
Көлүмдүн ак куусу
Өмүрдүн таттуусу
Татына дабакер
Көлдүн сулуусу
Сезимдер менен күлүппүз
Түшүмдө бирге жүрүппүз.
Чал- кемпир болуп экөөбүз
Бактылуу өмүр сүрүппүз.
Онолсо түшү адамдын
Онолот ар бир кадамы.
Көнүлдө дагы жанашып
Сен менен келет жашагым.
Кайырма:
Апакай ак куу көлүмдүн
Кареги болчу көзүмдүн.
Күзгүгө карап камданам
Айта албай бирин сөзүмдүн.
Бутума бутум чалынат
Алмадай жүзүм албырат.
Жолуксак сүрдөп экөөбүз
Ортодо оттор чагылат.
Кайырма: