Жагалмай деген жапан куш,
Жар ташка барып конгон жок.
Жарпымды жазар тең курбум,
Ой, тобо, жана, жана
Жайлообуз бирге болгон жок.
Кыргыек деген кыраан куш,
Кыр ташка барып конгон жок.
Кылыкташ менин тең курбум,
Ой, тобо, жана, жана
Кыштообуз бирге болгон жок.
Агарып аткан таң менен,
Аркарлар оттойт кумайда.
Алыска кетип калат деп,
Ой, тобо, жана, жана
Асылкеч курбум, муңайба.
Куралбек Чокоев — Ой, тобо тексти
Датасы: 06.10.2020 Көрүүлөр: 1632