Алтын казык жылдызым,
Жанып турчу мага дайыма.
Өмүр бою бир гана
Келдим эле сенин жаныңа.
Мөлтүр булак күлкүнү
Сенден гана назик угамын.
Ууз сүйүүм арнаган
Өзүң болбо жалгыз тумарым.
Бирге согуп кош жүрөк,
Дайым турсун катар үндөшүп.
Жоодураган көздөр
Маңдай-тескей үнсүз сүйлөшүп,
Жаркын максат ак сүйүү
Сенден гана келди агылып.
Чиркин, жаштык эркиңе,
Билбей калдым, турам багынып.
Алтын казык жылдызым,
Жанып турчу мага дайыма.
Өмүр бою бир гана
Келдим эле сенин жаныңа.
Мөлтүр булак күлкүнү
Сенден гана назик угамын.
Ууз сүйүүм арнаган
Өзүң болбо жалгыз тумарым.
Ай, бийкем,
Ах, бийкем,
Ууз сүйүүм арнаган
Өзүң болбо жалгыз тумарым.
Кыргызбай Осмонов — Алтын казык тексти
Датасы: 05.10.2020 Көрүүлөр: 944