Кыш аябай каарданып, дүйнөдөгү жан-жаныбарлардын
бардыгын тоңдурмак болду. Ал, адегенде, канаттуу куштар-
га асылды. Анткени канаттуулар ызы-чуу салышып, кыш-
тын тынчын алып жиберишкен эле. Ошон үчүн кыш токой-
дун жалбырактарын шыпырып түшүп, таптакыр жылаңачтап
койду. Канаттуулар кайда барып жашарын билбей калыш-
ты. Алар топ-топ болуп жыйналып алып кеңеш курушту.
Акылдашып отуруп, алар жылуу жактарга учуп кетишмек
болушту. Кыштап калган кээ бир канаттуулар гана эмне кы-
ларын билишпей, кыштын ызгаардуу аязына моюн сунушту.
Куштарды кууп жете албай калган соң, кыш жапайы ай-
бандарга асылды. Жер бетин аппак кар менен чүмкөп, да-
рактарды муз бубактары менен каптады. Токойду аралап,
ызгаардуу аяз айбандардын үрөйүн учурду.
Бирок айбандар андан корккон жок. Анткени булардын
тондору да калың, терең ийинге, үңкүргө кирип кетүүчүлөрү
да бар. Тыйын чычкандар жоон жыгачтардын көңдөйүнө ки-
рип алышып, кышка карата жыйган тобурчактарын, жаңгак-
тарын тарсылдатып чага башташты. Аюулар болсо жылуу
үңкүргө кирип жатып алышты. Коён өйдө-төмөн жүгүрүп, се-
реңдеп жаны тынбай жүрүп, жылына турган болду.
Ал эми жылкы, уй, кой-эчкилер болсо кышта эч бир ка-
мырабайт. Алар жылуу короолордо, сарайларда жем-чөбүн
күйшөй беришет. Курсактары ток, алды да кургак.
Муну көргөндө кыштын ого бетер кыжыры кайнады.
Ошентип, ал балыктарга жетти. Катуу аязды үстү-үстүнө
жиберип, көлдөрдү, өзөндөрдү тоңдурду, суунун бетин ка-
лың муз каптап калды. Бирок балыктар суунун терең түбүнө
түшүп, мурункудан да жылуу жай таап алышты.
-Андай болсо мен адамдарды үшүтүп,
айласын түгөтөйүн! ‒деди. Ошентип, аяз күчөгөндөн күчөй берди. Терезелерди саймалап, эшиктерди тоңдурду. Бирок адамдар аны тоготпой, үйүнө меш коюп, жылуу отура бе-
ришти.
Алар кышта жылуу тон кийишип, токойдон отун алганы барышканда да суукка моюн беришкен жок. Бакты балталап кесип
жатып да чекесинен терин шыпырып, жылуу кийиминин ичинде кара терге түшүп ысылайт. Чана сүйрөгөн аттардын да жонунан буу чыгат.
Жаш балдар да кыштын ызасын келтирди. Алар коньки
тээп, чанага түшүп ойношуп, кыштын ырахатына батышты.
Бири-бирин кар менен урушуп, кардан сыйгалак жасашып,
анын үстүнө суу куюп:
‒ Кана, аяз, бизге жардам кылып, муз тоңдургун! ‒ де-
генде кыш ого бетер жинденди. Ал бир баланын мурдун,
экинчи баланын кулагын чымчып алды эле, мурду да, ку-
лагы да кубара түштү. Бирок балдар анын айласын табыш-
ты: алар үшүгөн кулакты, мурунду кар менен сүртүп кызар-
тышты. Ошентип, үшүккө алдырбай сактап калышты.
Колунан эч нерсе келбегенин көрүп, кыш ыйламсырап жа-
шын төктү. Анын жашы тамчылагандан тамчылай берди…
Демек, жаз келип, кардын ордуна жамгыр жаай баштага-
ны мына ушуга байланыштуу болгон дешет.
Кыш эмне үчүн жашын токту кундолук план жазуу
Кимдин чыгармасы эле