Кышда жылуу жайында салкын кабагың,
Кылыктарын кымбат мага жамалың
Азыр эми катарыңдан кетсем да,
Улам кайра мен сагынып каламын.
Кайырма:
Бар бакытым өзүң гана сезилип
Жүрөк туйлап сагынычтан эзилип
Элесиңе эркелеймин багынып,
Махабатым бүтпөчүдөй сезилип.
Толкун болуп толуп ташып махаат,
Каректерден тамчы-тамчы жаш агат.
Жан дүйнөмдү жалгыз сага арнайын,
Сагындырбай жанымда бол ардагым.
Кайырма:
Кыздаркан Келдибекова — Бар бакытым тексти
Датасы: 11.10.2020 Көрүүлөр: 220