Карай албай көздөрүңду,
Карегинден, ала качам.
Кармай албай бүт эркимди,
Эңсеп, самап сага барам,
Баш ийкеп , салам айтып,
Өтөм ар качан.
Кайырма:
Кызганамын!
Мен ар бир көздөн сен кабылган,
Мен ар бир түндөн сен жамынган!
Мен кызганам, мен күйүп кызганам!
Убарамын!
Мен санааларга батып келем,
Мен сапарындан калбас белем !
Сен кымбатым, кыйбасым элең !
Байкабайсын көздөрүмдү,
Айтып турган, сүйом деген.
Башкаларга күйүп , жанып,
Нурдан бүткөн, өзүң менен.
Билбейм бул тагдырымды,
Жазган ким менен?