Жылдын кышкы мезгили эле,
Бирге жүргөн кездер эле.
Сагынычым таарабай,
Сүйөрүмдү айта албай.
Жылдын жазгы мезгил эле,
Жүрөгүмдөн сүйчү элем.
Көздөрүңө байлангам, сөздөрүңө алдангам.
Кайырма
Алданганмын сөздөрүңө,
Алданганмын көздөрүңө.
Сенин назик сөздөрүңө,
Калдым окшойт алданып.
Байланганмын көздөрүңө,
Байланганмын сөздөрүңө.
Сенин назик көздөрүңө,
Калдым окшойт байланып.
Жылдын күзгү мезгил эле,
Жалбырактар түшкөн эле.
Жалбырактай саргайган,
Көрсөм деп самагам.
Жылдын жайкы мезгили эле,
Ойноп жүргөн кездер эле.
Эстеп мезгил жыргаган,
Көздөрүмдөн жаш тамган.
Кайырма
Алданганмын сөздөрүңө,
Алданганмын көздөрүңө.
Сенин назик сөздөрүңө,
Калдым окшойт алданып.
Байланганмын көздөрүңө,
Байланганмын сөздөрүңө.
Сенин назик көздөрүңө,
Калдым окшойт байланып.