Короочу деген бир күчүк атак-даңк жөнүндө көп ойлончу
болду. Өзү аябагандай уйкучу. Керээли-кечке уктайт. Анан
ойгонсо эле атак жөнүндө ойлоно кетет. Бир күнү ал ата-
сына келип «музыкант болом» деген тилегин айтты. Атасы
менен энеси ошого аябай сүйүнүшүп, Короочуну дароо эле
музыкалык мектепке жетелеп барышты. Ал жерде келген-
дердин жөндөмүн текшерүүчү мугалим болот экен.
‒ Кана, күчүгүм, роялдын баскычтарын мен баскандай
басып, до-ре-ми-фа-соль-ля-си деген үндү чыгарчы, ‒ деди
мугалим.
Күчүк дароо макул болуп роялдын баскычтарын басса
эле «ав-ав, ав-ав» деген добуш чыгат. Эки-үч саатча убара
болду мугалим. Бирок күчүктөн «ав-авдан» башка эч нер-
се чыкпай койду.
‒ Кечирип коюңуздар, музыкага шыгы жок турбайбы ба-
лаңардын, ‒ деди мугалим ата-энесине.
Ошентип, Короочу музыкалык мектепке өтпөй калды да,
бир топ күндөн кийин ата-энесине «сүрөтчү» болом деп ый-
лап кирди.
Ата-энеси ага да сүйүндү. Себеби: «Уулубуз эптеп эле
бир нерсеге жараса экен» ‒ деп тилек кылышчу.
Көркөм-сүрөт окуу жайга жетелеп жөнөштү күчүктү. Ал
жерде да келгендердин шыгын текшерип көрөт экен, Ко-
роочу мында да өтпөй калса болобу. Себеби колуна каран-
даш берип, ар нерсенин сүрөтүн тарт десе, күчүк таптакыр
тарта албай койду.
‒ Шыгы жок экен балаңардын, ‒ деди мында да муга-
лим. Ошону менен үчөө ээрчишип, үйлөрүнө маанайлары
пас кайтышты.
Жолдо келе жатып күчүк ыйлайт. «Шык-талант сатып бер-
гиле мага», ‒ дейт ата-энесине.
‒ Шык-талант деген сатылбайт, балам. Аны деген Кудай
берет.
‒ Анда Кудайдан мага сурап бергиле, ‒ дейт күчүк өжөр-
лөнүп.
Ошондо Дөбөт жини келип кетип, баласын бир тиштеди:
‒ Бас жаагыңды! Кудайдан сурап албайт шыкты. Аны
Алла Таала өзү берет ар кимге! Короо кайтаргын!
Ошентип, мансапкор күчүк таяк жеди. Бирок мансапты
унута албай жүрүп, бир күнү телевизордон баатырлар жө-
нүндө көрсөтүүнү көрдү да, ата-энесине кайра чуркап бар-
ды.
‒ Анда эмесе, мен баатыр болом! Баатырларды окутуу-
чу мектепке алпаргыла, ‒ деди ал.
Ата-энеси күчүктү таңданып карап калышты.
Атасы көп ишене бербеди баласына. Бирок апасы чы-
рылдады:
‒ А балким, болсо болор. «Бешиктеги баланын бек бо-
лорун ким билет?»
Апасы ошенткенде Дөбөт ойлонуп турду да, мындай
деди:
‒ Болуптур, бирок менин билишимче Кыргызстанда баа-
тырларды окутуучу мектеп болбосо керек эле. Ошон үчүн
мен сени өзүм эле сынап көрөйүн.
Ошентти да, Дөбөт баласын жетелеп барып, тоокканага
киргизип жиберди. Бир маалда кызыкты көрүп алгыла: тоок-
тордун жол башчысы Кызыл короз деген неме ачуусуна чы-
дабай кыйкырып өкүрүп кууп алыптыр. Күчүк коркконунан
тоок уядан качып чыгып, көрүнгөн бурчка жан соогалап жа-
шынат. Каңшылаганын уксаңар кулак тунат.
‒ Көрдүңбү, балам, ‒ деди Дөбөт күчүгүн эптеп Короз-
дон куткарып алган соң апаптап жатып: «Баатыр болуш
үчүн жүрөк керек…»
Жакты
Жакты
абдан жагат
Ну норм в детстве читала для почерка учительница велела писать
Жакты эн сонун
Жакты жакшы дагы чыгара бергиле ийгилий
Бул жомокто ката жок экен
Кызыксыз
Кереели-кечке
Керели-кечке болуш керек
Келеели-кечке
Кереели-кечке
Кызык экен