Айдын нуру түндө төгүлөт,
Ай бетинен бир кыз көрүнөт.
Аянычтуу, өзүнчө сырдуу,
Аппак кызга көңүл бөлүнөт.
Кайырма:
Айдагы кыз, арманымсыз,
Айдагы кыз, ай-ааламда сиз жалгыз.
Айдагы кыз ардагымсыз,
Бир өзүң жок, жер бетинде мен жалгыз.
Түндү күтөм жалгыз отуруп,
Түмөн ойго жүрөк толтуруп.
Түйшүктөнүп жүрөм сиз үчүн,
Түшүмө кир бакыт куш болуп.
Кайырма:
Мейли өтсүн күндөр сабалап,
Мезгил учсун жүрөк жаралап.
Мээримиңе түндө жылынам,
Мага сиздей кимдер жага алат?
Кайырма:
Мирбек Иманбеков — Айдагы кыз тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 5925