Ак куудай созулуп өтөсүң күндө,
Жамалың жарык берип тунук сүйүүгө.
Арбадың, айта албадым,
Сүйүп калдым деп сенин өзүңө.
Кайырма:
Студент кыз, жактың жүрөгүмө,
Студент кыз, жактың бир өзүмө.
Сүйүү мээримин издеп жүрүп,
Мен өзүңдү таптым бул өмүрдө.
Ээледиң жүрөктү кериле басып,
Келбетиң, жаным, менден уялып.
Жылмайып, кылыктанасың,
Бакчада өскөн гүлдөй буралып.
Кайырма:
Мирбек Иманбеков — Студент кыз тексти
Датасы: 25.10.2020 Көрүүлөр: 1219