Гүлү сенсиң эркин өскөн талаанын,
Бирде жакын, бирде алыстайт карааның
Жүрөктү өрттөп жүрөрүмдү күйгүзүп
Түрттүң мени түпкүрүнө саананын
Жүрөктү өрттөп жүрөрүмдү куйкалап
Түрттүң мени түпкүрүнө саананын
Үмүт оту үстү — үстүнө тамчылап
Жүрөк байкуш күнөөлүүдөй жанчылат.
Айтчы, эркем, айтчы, сүйгөн таң шоолам,
Күтөм дагы бир өзүңдү канча убак
Жашоо үчүн тийбесе эгер кереги,
Ак сүйүүмдү далилдешке мен эми,
Гүл ордуна жүрөгүмдү сунмакмын,
Алып кой деп сүйгөнүңдүн белегин.