Сага болгон сезим жалындап
Сүрөтүңдү карап ыйладым
Бир өзүңө болгон кусалык
Күндөн-күнгө күчөп кыйналдым
Сагынчыма деңиздер күбө
Асмандагы ай жылдыз күбө
Баарын кылган мендего күнөө
Бүгүн сени абдан сагындым
Кайырма
Сагындым жамалыңды
Сагындым карааныңды
Сагындым жанарыңды
Сагындым
Эркелеген кылыктарыңды
Сагынамын нур жамалыңды
Эми билип кадыр баркыңды
Бүгүн сени абдан сагындым
Башка дамэмес көңүлүм сенде
Сыноо болду бул сүйүү бизге
Карааныңа зар болуп күндө
Эмнегедир каттуу сагындым!