Алтыным деп жан эрчишип жаным деп,
От чачыштык махабаттан жалындап.
Биздин сүйүү жалган болсо эгерде,
Жашоонун да бар экени жалган кеп.
Анда жалган аппак гүлдүн ачканы,
Анда жалган аппак таңдын атканы.
Бизди көргөн түн да жалган гүл жалган,
Асман эмес анда көктүн асманы,
Асман эмес анда көктүн асманы.
Анда жалган мөл булактын акканы,
Танда куштун үн алышып жатканы.
Жалган анда нарестенин күлкүсү,
Жалбырактын бүр ачканы бактагы.
Булут жалган, булут баскан тоо жалган,
Жалган, жалган ушул аалам бүт жалган.
Бизге чейин сүйүшкөндөр калганда
Бизге дейре дүйнө алдамчы жаралган.
Анда жалган чагылгандын түшкөнү
Анда жалган каркыралар күздөгү
Мейли, баары жалган болсун өңүмдө
Кантип кыйам сезимдерди түштөгү
Анда жалпы көктөм жалган жаз жалган
Жалган дүйнө бүтүрөлү асмандан
Мейли менин жалган болсун күлгөнүм
Анда неге көздөрүмдөн жаш тамган
Күндөй балкып көлдөй чалкып сүйүүбүз
Укмуш сүйдүк бирибизди-бирибиз
Экөөбүз тең кетсек болмок жазага
Чыккынчылык кылсак эми кимибиз
Укмуш сүйдүк бирибизди-бирибиз
Надира Сарыкова — Жалган болсо сүйүүбүз тексти
Датасы: 01.12.2022 Көрүүлөр: 5515