Кайырма:
Мен өзүмдү өзүм өңдөн аздырып,
Өмүр бою өтөм сени азгырып.
Жетпейм, бирок жетпейм сага атайын,
Жаш сезимди сакташ үчүн жаш кылып.
Дайым жаш кылып.
Тоскоол болуп тороп турсам жолуңду,
Жолукканда коё бербесем колуңду.
Токтобой кет, токтобой кет, суранам,
Көңүл коюп бөлбө мага оюңду.
Күндө айланып үй жагыңа барармын,
Көрсөм эгер көз ирмебей караармын.
Кечирип кой, кечирип кой, суранам,
Сени дагы сансыз ойго салармын.
Кайырма:
Турсам эгер жүрөгүңө дем берип,
Мени ойлонуп, баспа, баспа сенделип.
Башкалардан канча жакшы болсом да,
Боло албасмын, жаным, бирок сенчелик. Кызыгарсың кыялымды эскерип,
Мейли кызык, сага ошол эстелик.
Мен сүйсөм да мени сүйбө, суранам,
Жеткен сүйүү жерде калат тепселип.
Кайырма:
Назира Токонова — Сүйбө мени тексти
Датасы: 13.10.2020 Көрүүлөр: 746
Бул ыр мен учун ырдап Берген сыяктуу
Сонун албетте