Сүйүү жолундамын
Тагдыр колундамын
Адашып махабат
Азаптын торундамын
Аттиң сенсиз жашоом
Арман муунга толду
Ызада сезимдер
Айыкбас оору болду
Кайырма:
Мейли сен кете бер
Оюңа жете бер
Кайрылып келсеңчи
Билсең кадыр эгер
Уйкусуз арадан
Күндөрүм ал өткөн
Көзүм тамчылатып
Күнү жамгыр төккөн
Коштошомун эми
Жолукпайбыз кайра
Тагдырым табышмак
Таппаймын башка айла