Билбеймин мени кантип арбадың,
Көп кыздардан бир сени тандадым.
Бүт өмүрүмдү сага арнадым мен,
Жүрөк ээси жалгыз өзүңсүң.
Кайырма:
Сен менен татамын,
Издеген бакыт даамын.
Жанымда күлүп турсаң,
Сүйө берем ар дайым.
Жүрөккө нурун чачкан күнүмсүң,
Жашоомдун көркүн ачкан гүлүмсүң.
Түбөлүккө бир келчү сүйүүмдүн да,
Ээси жалгыз өзүңсүң.
Кайырма:
Нурлан Насип — Ашык сезим тексти
Датасы: 04.10.2020 Көрүүлөр: 3931