Мен сүйгөн менен пайда жок,
Кантейин, жаным, айлам жок.
Көнбөдүң сүйүүң барчудай,
Көңүлүм болду калчудай.
Кайырма:
Балбылдап көздөрүң кара-кара,
Айта албайм сүйүүмдү сага гана.
Айтайын, башканын кереги жок,
Жылмайып жылуулук берчи мага.
Сүйдүрдүң мени, сүйүктүүм,
Сүйүп мен үзбөйм үмүтүм.
Өзүңсүз өтсөм өмүрдөн,
Арманым айтчы, ким үчүн?
Кайырма
Супер Нурмат байке аллахым сизди сактасын ишинизге ийгилик