Кол жетпеген көктөгү,
Көздөрүңдүн көркөмү.
Кыялдарым дайым жарышта,
Ай да нурун төккөнү,
Ак булутту өпкөнү,
Бийик учам сага барышка.
Кайырма:
Гүлүм, сага көңүлүм сенде гана,
Кызганып турат кабагың түйүп мага.
Жайна-жайна, ачылып гүлдөй жайна,
Сүйүп баратат жүрөгүм сени гана.
Өзүң болдуң эргиткен,
Таңдан кечке ээрчиткен.
Жан дүйнөмө сүйүү тартуулай,
Балдай ширин сөздөрүң
Эриндериң, көздөрүң
Сени көрүп мен да өзгөрдүм.
Кайырма:
Нурмат Садыров — Сени көрүп мен өзгөрдүм тексти
Датасы: 11.10.2020 Көрүүлөр: 1632