Жылдыздай жанып келген,
Жаркыган жарык белен,
Жылмайган жылуу жүзүн,
Жүрөкту эзип келген.
Жанымда оттой жанып,
Жылуулук берген элен,
Жан дүйнөм сыздап жатты,
Кызарып күнүм батты.
Жаш жүрөк жараланып,
Сезилбей тандар атты,
Жалындап ырлар жазып,
Караймын сен тарапты.
Караймын сен тарапты,
Сезилбей мен ичимден,
Сүйөм деп кайталадым,
Сага арнап ырлар жаздым,
Аны да байкабадын.
Кайырма:
Сүйүсүн мен албадым,
Сени деп канчалардын,
Сагынып сени күндө,
Атынды кайталадым.
Саргайдым жалбырактай,
Күздөгу бак дарактын,
Сен менен бактылуумун деп,
Аттин ай айталбадым,
Аттин ай айталбадым.
Жүрөктү жарып өттү,
Жанган от жалын өчтү,
Жаш тамып көздөрүндөн,
Жалдырап карайм көктү.
Жаракат ырбап барат,
Жаралат жан жүрөктү,
Жылмайып бакыт кушун,
Кучактап бек кармадым.
Жалындап сени көздөй,
Жолумдан кайталбадым,
Жаным мен бир өзүнө,
Сүйөм деп айталбадым.
Сездирбей мен ичимден,
Сүйөм деп кайталадым,
Сага арнап ырлар жаздым,
Аны да байкабадын.
Кайырма:
Оа жакты мага
Мага аябай жардамы тийген бул ырдын❤️
Жакты мага
Соз жок
Брат
Магада жакты эң сонун ыр ыйлагысын келтирдиго ©️◾
Магада жакты эң сонун ыр ыйлагысын келтирдиго ©️◾
Базар жок
Мыскалдын ырыбы ошол чыгарып берди беле?
Өтө соонун ыр оаа
Өтө соонун ыр оаа мага аябай жакты
ЖАРАЛАТ ЖАН ЖУРОКТУ ДЕГЕН ТУУРА ЭМЕС ЖАРАЛАП ЖАН ЖУРОКТУ
Мага аябай жардамы тийген бул ырдын❤️
ЭҢ сонун зор екен