Сымбаты назик, мүнөзү жайдары,
Суктанат көктөн, кызганып ай дагы.
Ак көйнөк кийип ааламды ажарландырат,
Анткени бүгүн ал кыздын майрамы.
КАЙЫРМА:
Келинчек татына,
Келишкен аты затына.
Келбети көздү уялтат,
Керемет, жакшына!
Перизат татына,
Пейили шайкеш затына.
Көктөгү күндөй жана бер,
Көз тийбей бактыңа.
Ырыска толгон кареги чырактай,
Ыйманы тунук, тоодогу булактай.
Жылмайса жүзү жаздагы таңдай жаркырайт,
Жараткан берген, чырайын суратпай.
Өктөм Сапар уулу — Келинчек татына тексти
Датасы: 11.09.2021 Көрүүлөр: 562