Бүгүн сен көрдүң бекен, байкадыңбы,
Асмандагы берметтелген жааган карды?
Мен болсо жаш балача карды кечип,
Каткырдым жаңыртып айланамды.
Кайырма:
Кар жаады, аппак жаады,
Кар жаады, бакыт жаады.
Кар жаады, аппак жаады,
Кар жаады, бакыт жаады.
Кар жаады, тыным албай жумшак жаады,
Сен анын сездиң бекен назиктигин?
Айланып алаканга конгон карлар,
Отуна эрип жатты жүрөгүмдүн.
Кайырма:
Кар жаады, аппак жаады,
Кар жаады, бакыт жаады.
Кар жаады, аппак жаады,
Кар жаады, бакыт жаады.
Райкан Абдувалиева — Кар жаады тексти
Датасы: 25.10.2020 Көрүүлөр: 5929
Ооба аябай жагат бул ыр
Мага даны аябай жакты укмуш экен
жаныртып
жаныртырып
Ооба аябай жакты
Соонун