Кызы бардын назы бар, изи болот турбайбы,
Кыз бергенде кудагый сөзү болот турбайбы.
Өйдөлөтүп көтөрүп өз кызыңдай багып ал,
Ак жүзүнө жарашкан алтын сырга тагып ал.
Периштедей кызымды тилеп жүрүп тапканбыз,
Күлүп жүрүп өтсүн деп күн тийгизбей бакканбыз.
Өйдөлөтүп көтөрүп өз кызыңдай багып ал,
Ак жүзүнө жарашкан алтын сырга тагып ал.
Ак көйнөгү не деген,
Күттүм апа, жар-жар
Ак сүтүңө ыраазы бол,
Кеттим апа, жар-жар
Чапаныңдын этегин
Бүктүм ата, жар-жар,
Бакканыңа ыраазы бол,
Кеттим ата, жар-жар.
Төбөсүндө төрт чачы төрт жылкынын баасы эле,
Саамайында көкүлү сан жылкынын баасы эле.
Өйдөлөтүп көтөрүп өз кызыңдай багып ал,
Ак жүзүнө жарашкан алтын сырга тагып ал.
Беш көкүлүн атырлап бермет, мончок такканбыз,
Элге чыксын аты деп эркелетип бакканбыз.
Өйдөлөтүп көтөрүп өз кызыңдай багып ал,
Ак жүзүнө жарашкан алтын сырга тагып ал.
Роза Шакирова — Кыз узатуу тексти
Датасы: 01.10.2020 Көрүүлөр: 6447
Беш кокулун кадырлап
Саламатсынарбы! Эгерде Умутай Абдышова ырдаган варимнтынын тексти болсо жуктоп коесуздарбы?