Карап турсам элесиңди сүрөттөн,
Эске түшөт көлдүн жээги гүл өскөн.
Эсиңдеби, кечиндеги сырдашуу,
Сууруп чыгып таттуу сөздү жүрөктөн?
Жүрөгүмдү сүйүү турса чыдатпай,
Жүзүң жанат балбылдаган чырактай.
Суктандырдың, суусаттырдың кайрадан,
Эзелтеден бирге жүргөн ынактай.
Сансыз жылдыз бизди гана карашып,
Мени сенден, сени менден талашып.
Көпкө жүрдүк, ойноп-күлдүк, жаркыдык,
Кеткичекти аппак болуп таң атып.
Бирок мезгил өткөн сайын нарылап,
Тетир карап, буруласың ар убак.
Азап тартып, арман күчөп жүрөгүм,
Үмүт менен жүрөгүмдү дарылап.
Ой тобоо, ушул ырга да «дислайк» койгондор дагы бар экен, ээ? Ырдын же аткаруучунун кнопку эмнеде? Ай ушу болду-болбоду ырды сайтка «кошкон» адамга каршы доопорос болуш керек!
Ой тобоо, ушул ырга да «дислайк» койгондор дагы бар экен, ээ? Ырдын же аткаруучунун кнопку эмнеде? Ай ушу болду-болбоду ырды сайтка «кошкон» адамга каршы доопорос болуш керек!
Ой тобоо, ушул ырга да «дислайк» койгондор дагы бар экен, ээ? Ырдын же аткаруучунун куноосу эмнеде? Ай ушу болду-болбоду ырды сайтка «кошкон» адамга каршы доопорос болуш керек!
Ошода
Жагат был ыр
Молодец
Бул ыр илгерки ыр
Элесинди карап турсам суроттон деп башталат да