Баары сулуу болгон менен
Түрү болот гүлдүн деле
Жүрөгүмдү жалындатып
Кайдан сени сүйдүм эле!
Башы бар да аягы жок
Махабат деп жүрдүм неге?
Сезимдерди жалыңдатып
Кайдан сени сүйдүм эле!
Кайырма:
Айып болду көрбөй көзүм
Сүйбөгөнгө сүйкөнгөнүм
Мен да турбайм ушул бойдон
Күйүп,күйүп түгөнөмүн
Жүрөгүмдүн сезип үнүн
Бир жан мага колун сунар
Сени мага сабак кылып
Чын бактыма жолуктураар
Өкүндүрөт алоологон
Ак сүйүүмдү сезбегениң
Такылдатып сен бир күнү
Жүрөгүмө келбе менин
Кайырма:
Айып болду көрбөй көзүм
Сүйбөгөнгө сүйкөнгөнүм
Мен да турбайм ушул бойдон
Күйүп,күйүп түгөнөмүн