Мээримиңдин кубаты дүйнө жаркытат
Менин балам дегениң күндө балкытат
Жогорулайм сиз айткан тилек аркылуу
Жолугууңуз бейиштин жытын аңкытат
Апакем ай менин асыл адамым
Ай тийгендей ачык болсун кабагың
Таберигим ыйык туткан сырдашым
Талашашыз өмүр бою тарабын
Кучагыңда ыңаалап тапкан наристең
Кутуң жанып элиме жасам ар иштен
Күнү-түнү энелер мээримиң төгүп
Балдарыңдын бакытын тилейт ар ичтен
Сен бар үчүн күн чыгат сүйүп жер бетин
Ажарыңыз башкача сулуу келбетиң
Сен бар үчүн жашоомдун маңызы чыгаар
Сен болбосоң сүймөкмүн жашоо эмнесин
Сайкал Садыбакасова — Апакем тексти
Датасы: 22.12.2022 Көрүүлөр: 18228