Кайрадан козгоп жүрөктү,
Алоолоп күйүп турат махабат.
Армандуу даалай күн өттү,
Кайра эле кантип сүйүү жаралат?
Кайырма:
Ойготуп сезимди, оюмду ээледиң сен,
Ойлонтуп күн-түнү жүрөктүн дартын сезген.
Адашып сүйүүдөн абайлап калганмын мен,
Ой басып жүргөндө, сен мени алдаба!
Махабат болду арманым,
Сүйүүдөн көңүл калып баратат.
Алдаба байкап каламын,
Көздөрүң бирок үмүт жаратат.
Кайырма:
Сайкал Садыбакасова — Мени алдаба тексти
Датасы: 29.09.2020 Көрүүлөр: 999