Кыргыз элин өз элим деп айтчулар,
Кыргыз жерин өз жерим деп басчулар,
Бытыранды урууларга бөлүнбөй,
Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар.
Уруу-уруу, туш тарапка бөлүнбөй,
Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар.
Узак мезгил сиңип келген сезимге,
Уруу, уруу керек чыгар кезинде.
Жаңы гана өсүп жаткан өлкөбүз,
Өз балаңдай, жаш балаңдай дайым турсун эсиңде.
Эмгекчил эл, эл ичинде башчылар,
Эл баалаган, эл шайлаган жакшылар,
Ыйман менен ынтымакта иш менен
Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар.
Ынтымакта ыйман-ызаат иш менен
Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар.
Саламат Садыкова — Калайык калкка каалоо (Folk version) тексти
Датасы: 17.10.2020 Көрүүлөр: 248