Жигиттин гүлү сен болсоң,
Жибектин түрү мен болсом.
Айтылган сөздүн маңызын а
Жакшылап ой жигит ойлонсоң.
Ойлосом ойдо турасың,
Оюмду жигит бурасың.
Ойлоп бир сени ырдасам,
Оюнга шылтоо кыласың.
Ак көйнөк кийсем жер чиет,
Айылымда балдар көп жүрөт.
Акылга туура келбесе,
Аларды каалап ким сүйөт.