Түндөгү гана менин түшүмдө,
Түйүнүн гана эркем түшүнсө.
Түңүлбө гана менден жаш көңүл,
И койчу, түбөлүк үчүн түзүлсө.
Абалкы менин түшүмдө,
Абайлап эркем түшүнсө.
Андагы гана көргөн түшүмдү,
Айныбас үчүн түзүлсө.
Санаама түшсөң ар дайым,
Сабылып гана жүрөк оорутам.
Сен үчүн көргөн түшүмдү,
Сырдашып кимге жорутам?
Саламат Садыкова — Түшүмдө тексти
Датасы: 25.10.2020 Көрүүлөр: 1910
Саламатсызьы
Албетте! Укмуш!!! Золотой Голос!!! Здоровья ей и Всех Благ!!!