Айдоочу жок, жел айдаган кемедей,
Алып учат жүрөк булкуп жемелей.
Ошол жүрөк досторумдун жанында,
Орду толот оорубаган немедей.
Кайырма:
Бар болгула, бар болгула,
Барды-жокту тең бөлүшкөн асылдар.
Кымбаттарым, кыйбастарым,
Бир туугандай жакындар.
Дасторконум жайнаса да түркүнгө,
Досторум жок кеми болор күлкүмдө.
Жараткандын бир күнү бар эмеспи,
Жарпын жазып, алмаштыргыс миң күнгө.
Кайырма:
Досчулукту даңазалап жакшы ыр жазсын акындар.
Жан кейитип кир калтырбай көңүлгө,
Жашасак дейм бул бир келген өмүрдө.
Жоготуунун орду толо ый экен,
Жакшы көргөн адамыңдан бөлүнбө.
Кайырма:
Жүрөгүмдө ар бириңдин атың бар.
Салима Балтаева — Бар болгула тексти
Датасы: 14.10.2020 Көрүүлөр: 4282