Оо, анда көктөм эле, көктөм эле,
Жаңы эле жаз жамгыры төккөн эле.
Капкара карагаттай көзүң менен,
Карадың кирпик какпай көпкө неге?
Кайырма:
Сейилдеп бакта жүрсөк айта албадым,
Сен ошол көз карашты байкабадың.
Мээримиң төгүп турсаң көз нуруңан,
Мен неге байкабадым, байкабадым?
Болгондур байкабастык тагдырымда,
Тагдырдын тайыздык же тардыгында.
Сезимде от тутантып да карасаң,
Сен үчүн кечер элем бардыгынан.
Кайырма:
Негедир ошол жазды эстей берем,
Эстейм да, андай жазга мен жетпей келем.
Алиги сеникиндей көз карашты,
Аттиң ай, мен эч кимден сезбей келем.
Салима Балтаева — Көктөм эле тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 5073
Сен ошол көз карашты кайталадың.
Өтө сонун!
Абдан сонун ырдайт экен, бул эжебизге эл артисин берүү керек деп ойлойм. Бактылуу болуңуз! Аллахым жакшылыктарын гана берсин! Оомийин…