Жолборс, карышкыр жана түлкү чогулуп, ууга чыкмай болушат. Үчөө бир кулжа, бир жейрен, бир коёнду жайлаптыр. Олжону жолборстун үңкүрүнө алып барышат.
Карышкыр менен түлкү өздөрүнчө ой жоруйт: жолборс эми өзү каалагандай калчап, а бизге болор болбос бирдеңкесин кармататтыр.
Бирок алардын оюнда эмне турганын жолборс дароо баамдап, ичинен күбүрөндү: «Силер антип ойлосоңор, а менин оюм башка. Эмине болорун азыр көрөсүңөр!»
Айтор, үчөө тең өз ойлорун сыртка чыгарышпады.
Баары кыңайып жаткан соң, жолборс карышкырга кайрылып айтканы:
– Мага жардамдашып, шыралгаларды бөлүштүр!
Карышкыр ишке дароо киришти.
– Сиздин зоболоңуз бийик, андыктан кулжа көлөмдүү эмеспи, ал сиздики болсун. А мен анча зобололуу эмесмин, мен өзүмө чакан жейренди алсам жетет. Түлкү болсо кичинекей, ага коёнду бергенибизге эле кудай десин.
Жолборстун дароо ачуусу келди:
– Йе, жарыбагыр! Байкашымча сен, өзүмчүл көрүнөсүң. Дегеле муну көр: «Мен мындаймын, мен андаймын деп…» Өзүңдү ким деп ойлойсуң?! Жейрендин балекетин алгыр! Эй, сен ким менен шыралга бөлүшөм деп атасың, шоркелдей? Бери келчи!
Карышкыр жолборстун алдына барды эле, тиги арылдап басып жыгылып, жара тартып өлтүрдү.
Ал анан түлкүгө кайрылып буюрду:
– Шыралганы сен бөлүштүрчү!
– Айбандардын паашасы, сиз үчүн эртең мененки тамакка кулжанын эти жакшы, – деди кыңкыстаган түлкү. – А түшкүгө жейренди жегениңиз жакшы, падышам. А коёнду болсо кечинде жеңиз, улуу урматтуум.
– Чыныңды айтчы, – деди жолборс ошондо, – шыралганы орундуу бөлүштүргөндү сен кайдан үйрөнгөнсүң?
– Улуу урматтуу, падыша! Сизге келчү жамандыктын баары мага эле тийсин! Башкалар жөнүндө ойлонгон сизге даңк! Ар бир эле жан өзүн гана ойлонбошу керектигин карышкырдын кылыгын көрүп түшүндүм, – деди митайым түлкү.
– Андай болсо, мен да адилеттүүлүк кылайын. Шыралганын үчөөнү тең сен алгының, а менин алдымда буюрганы турат.
Түлкү буга ичинен сүйүндү: «Ой, кудай жалга, шыралганы карышкырдан кийин бөлүштүргөнүм абийир болгон турбайбы. Болбосо мен да шорломок экемин!»