Чыйрыгып бүт денемди муздак басып
Ооруп турам дарман жетпей
Ойлонуп түшүнбөймүн кеттиң неге
Каламынбы көкүрөктөн арман кетпей
Жүрөктү муздак басып
Кыйналып ооруп турам
Сендейди эми кантип сезимге жолуктурам
Кайырма:
Калп эле күйүп турдуң
Алыстап кетериңде
Арманды жолуктурдум
Бактыма жетерим деп
Не бир сенин бактын үчүн
Актилек ойлоп келем
Кала албайм көргөңүмдү
Көзүмдө жашымды сен
Ой басып өзүң менен өзүм болдум
Тушалып мен өзүмө жакпай келем
Алыста кол булгалап турган өңдү
Артыңдан издеп бирок таппай келем
Жүрөктү муздак басып
Кыйналып ооруп турам
Сендейди эми кантип сезимге жолуктурам